Бишкек шаарында 2-декабрдан 9-декабрга чейин Биринчи Май районундагы билим берүү уюмдарында тамактануу жайларын комплекстүү текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Текшерүү муниципалдык администрациянын башчысынын орун басары Айнура Арстамбекованын жетекчилиги астында өткөрүлүүдө. Комиссиянын курамына муниципалдык администрациянын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун (ЦГСЭН), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү кирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, муниципалдык администрациянын, ӨКМдин жана башкармалыктын кызматкерлери жабдуулардын жана жайлардын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин, журналдардын болушун, коомдук тамактануу жайларынын жана сактоочу жайлардын абалын текшеришти. Тамак-аш азыктарын сактоо эрежелерин жана милдеттүү документтерди, анын ичинде эсепке алуу журналдарын жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
21-январда “Жылдын мыкты мугалими – 2025” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү Элзат Асанова мамлекет тарабынан убадаланган бир бөлмөлүү батирдин ачкычын колуна алды....
2026-жылдын 17-январында Т.А. жана Октябрь РИИБдин кызматкери, милициянын лейтенанты А.Э.Б., КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (опузалап акча талап кылуу)...
Социалдык тармактарда жарандар тарабынан кыргыз тилин шылдыңдаган видео материал жарыяланып, коомчулукта кеңири талкуу жараткан. Аталган факт Бишкек ШИИББдин Маалыматты каттоо...
19-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү....
2026-жылдын 19-январында УКМК төрагасы К.Ташиев КР жараны С.М.ге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучу деп таанылган жарандар менен жолугушту. УКМКнын...