Бишкек шаарында 2-декабрдан 9-декабрга чейин Биринчи Май районундагы билим берүү уюмдарында тамактануу жайларын комплекстүү текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Текшерүү муниципалдык администрациянын башчысынын орун басары Айнура Арстамбекованын жетекчилиги астында өткөрүлүүдө. Комиссиянын курамына муниципалдык администрациянын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун (ЦГСЭН), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү кирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, муниципалдык администрациянын, ӨКМдин жана башкармалыктын кызматкерлери жабдуулардын жана жайлардын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин, журналдардын болушун, коомдук тамактануу жайларынын жана сактоочу жайлардын абалын текшеришти. Тамак-аш азыктарын сактоо эрежелерин жана милдеттүү документтерди, анын ичинде эсепке алуу журналдарын жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Казакстандын Алматы шаарында казак элинин көрүнүктүү акыны, жазуучу, драматург жана коомдук ишмер Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнаты өттү. Акыркы сапарга...
23-апрелде Бишкек шаарында «Кыргызстан – аймактык хаб: Континенттерди бириктирүүчү" аттуу эл аралык транспорттук форум өтөт. Форумга Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө...
Интернет мейкиндигинде медицина кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча квитанциянын сүрөтү “айлык көбөйгөндөн кийинки сумма” катары тарап, коомдо туура эмес түшүнүк жаратты....
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ыйык сапарга аттанат. Бул күндөрдө дүйнөнүн чар тарабынан келген мусулмандар Меккеге жана ыйык жерлерге...