№31 мектепте буллинг болгон эмес. Бул тууралуу шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.
15-апрелде №31 мектепте 7-класстын эки окуучусу уруша кетип, окуучу кыз каза болгон. Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы чакырылган.
«Ал сегиз мүнөттөн кийин келген. Тилекке каршы, жандандыруу аракеттеринен майнап чыккан эмес. Тергөө иштери жүрүп жатат, бирок эч кандай буллинг, рэкетчилик жана мушташ болгон эмес. Бул трагедиялуу кырсык», — деди Виктория Мозгачева.
№31 мектептин директору Татьяна Өмүрзакова танапис маалында бала менен кыздын ортосунда уруш болгонун, андан соң мугалим (3-курстун студенти) кирип келип, сабакты баштаганын белгиледи.
«Ал интерактивдүү панелди күйгүсү келген, бирок ноутбук жок экенин эстеп, бир баланы кийинки класска барууну суранган. Класстан чыкпай туруп, окуучуга эшикти көрсөткөн. 12 секунданын ичинде бала менен кыздын ортосунда окуя болуп кеткен. Кыз аны тээп, бала көкүрөккө урган. Мугалим бурулганда кыз тактада туруп, кулап бара жаткан. Экөө тең жакшы окуган окуучулар болгон», — деп кошумчалады директор.