№31 мектепте 7-класстын окуучусу каза болгондон кийин мугалим жана тарбия иштери боюнча завуч убактылуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, билим берүү башкармалыгы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бардык чечимдер тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
Бишкек шаардык кеңештин депутаты мектеп директорун убактылуу иштен четтетүү адилеттүү болорун белгиледи.