Бишкектеги мурдагы мамлекеттик бала бакчанын эки кабаттуу имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Тыныстанов көчөсү, 193а дарегиндеги «Ак-Кеме» бала бакчасынын жанында жайгашкан аянты 314 чарчы метр мамлекеттик бала бакчанын эки кабаттуу имараты мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган фактылары аныкталган.
«1995-жылы Биринчи Май райондук администрациясынын мурдагы кызмат адамы ошол кездеги нормаларды жана жоболорду бузуу менен, мурда Бишкек шаарындагы мамлекеттик бала бакчанын ашканасы жана кир жуучу жайы болгон бул социалдык багыттагы мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган. Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган объекттин ээси бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, өз ыктыяры менен кафе катары пайдаланган эки кабаттуу имаратты жанаша жаткан жер тилкеси менен мамлекеттин пайдасына өткөрүп берүүнү билдирген.
Азыркы учурда аталган эки кабаттуу имарат мындан ары максаттуу пайдалануу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилгенин белгилей кетүү керек. Учурда тергөө иштери улантылып жатат»,- деп айтылат маалыматта.