Панфилов атындагы сейил бак үч айга ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргызстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев жана бизнес-коомчулугу менен жолугушту.
Ишкерлердин кайрылуусунун негизинде борбор калаа башчысы май майрамдарына карата Панфилов атындагы сейил багын ачууну тапшырды. Парктын администрациясына да үч ай иштөөгө уруксат берилди, бирок шарттарды түзүү менен объекттин аймагындагы бардык аттракциондор талапка ылайык келтирилип, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, бардык санитардык нормалар сакталышы зарыл.
31-март күнү Биринчи Май районунун аймагында жайгашкан Панфилов сейил багындагы иштеп жаткан аттракциондордун биринен 2006-жылы туулган кыз кулап, оор жаракат алып, ооруканалардын бирине жеткирилген. Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Кийин ал соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.