Бишкектен «Ала-Арча» паркына автобустар каттай баштайт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Ал майдан баштап паркка бензин же дизель менен жүргөн унаалардын киришине толук тыюу салынарын эскерткен. Учурда унаа токтотуучу ири жай курулуп бүтөйүн деп калганын белгилеген. Келген конокторду атайын уюштурулган электрокарлар парктын ичине алып кирет.
«Мындан сырткары, паркта алгачкы ирет асма жол курулуп жатат, жыл этегинде ишке берилет. Жогорку бөлүгүндө мейманкана, ресторан, бассейн жана A-frame үлгүсүндөгү үйлөр салынууда», – деген ал.
Узак майрам күндөргө байланыштуу 1-майдан 11-майга чейин Калкты тейлөө борборлору иштебейт. Бул тууралуу Кызмат мамлекеттик мекемесинен билдиришти. "Мамлекеттик кызматтарды алуу...
17-18-апрелде Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 129, 131, 132-чакырымдарында, Боом капчыгайынын аймагында (темир жолдун 3899, 3901, 3902-чакырымдарында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт....
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы маалымат берип, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан эки соттолгон жаран 14-апрелде оорудан улам каза болгонун билдирди. Маалыматка...
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльдар Абакиров мектептеги окуучу кыздын жана абактагы 2 жарандын өлүмү боюнча кеп козгоду. "Мектепте окуучу кыз,...