Бишкектин 6 чоң көчөсүндө коомдук транспорт үчүн тилке түшөт. Жаңы тилкелер төмөнкү көчөлөрдө каралууда:
Абдрахманов — Токомбаевден Жумабекке чейин;
Жибек Жолу проспекти — Лермонтовдон Тоголок Молдого чейин;
Ахунбаев — 7-Апрелден Айтматов проспектине чейин;
Чүй проспекти — Лермонтовдон Ибраимовго чейин;
7-Апрель көчөсү — Жибек Жолудан Токомбаевге чейин;
Дэн Сяопин проспекти — Фучиктен Алыкулов көчөсүнө чейин.
Мэрия бул чара автобустардын ылдамдыгын жогорулатып, жол жүрүүгө кеткен убакытты кыскартарын айтууда.












