25-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу саат 9:00дөн 00:00гө чейин берүү токтотулат.
«Северный» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу убактылуу токтотулат.