27-мартта саат 9:00дөн 20:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү, темир жол менен чектешет.
Тоголок Молдо суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу токтотулат.
“Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.