Бишкекте мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда «Аламүдүн» жана «Орто-Сай» базарларына кезектеги рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
«Аламүдүн» базарынын аймагында мыйзамсыз соода кылууну жоюу максатында муниципалдык инспекция тарабынан соодагерлерге 100дөн ашуун эскертүү баракчалары берилди. Түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Эреже бузгандарга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 3 000 сом өлчөмүндө айып салынды.
Рамиз Алиев соодагерлер менен жолугушту. Аларга альтернатива катары муниципалдык кызматтардагы бош орундар сунушталды. Азыркы учурда, муниципалдык ишканаларда 1 400 орун бар, айлык акы 20 миңден 50 миң сомго чейин жетет. Соода ишин улантууга кызыкдар болгондор үчүн базарлардын ичинде соода жайларын берүүгө даярдыгы айтылды. Бирок эки сунуш тең четке кагылды. Соодагерлер «Аламүдүн» базарынын аймагынан тышкары соода кылууга уруксат берүүнү талап кылышты. Мэрдин орун басары мыйзамсыз соода кылууга тыюу салынарын жана бул маселеде мыйзам сакталууга тийиш экенин баса белгиледи.