Бишкектин борбордук көчөлөрүндө гольф-кар, веломобиль, велорикша жана квадроциклдер менен жүрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу мэриянын Муниципалдык инспекциясынан билдиришти.
Кеп Абдрахманов, Киев, Тоголок Молдо, Малдыбаев, Ахунбаев көчөлөрү, Айтматов, Жибек Жолу, Жаш гвардия, Эркиндик жана Масалиев проспектилери тууралуу болууда.
Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери «Ала-Тоо» аянтында рейд өткөрүп, кээ бирине тиешелүү чара көрүлгөнү кабарланды.








