Бишкектин чок ортосундагы өлкө башчысы Садыр Жапаров өзүнө караштуу деп көрсөткөн имарат буздурулуп жатат.
Президент 2024-жылы февралда өзүнүн бир нече мүлкүн мыйзамдаштырганын айткан. Анын ичинде Киев менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан бул имарат бар эле. Имараттын ээси алмаштыбы, жокпу, азырынча белгисиз.
Ал эми журналисттерге мэриядан «Участоктун ээси буздуруу иштерин баштаган. Анда мамлекеттик акты бар (жерге ээлик кылган)» деп билдиришкен.








