Бүгүн, 25-февралда Бишкек шаарындагы Чоң-Арык конушунда жайгашкан №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы филиалы ачылды. Шаардык бюджеттен аталган үй-бүлөлүк медицина борборун курууга 145 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жаңы имарат 26 миңден ашуун адамга кызмат көрсөтөт. Имаратта дарыгерлердин кабинеттери, ЭКГ, УЗИ, рентген, физиотерапия кабинеттери, стерилизациялоо, техникалык жана чарбалык имараттар жайгашкан. Ошондой эле бейтаптар үчүн лифт жана санитардык түйүндөр каралган.
«Аталган борбор 1996-жылы түзүлгөн. Бирок убакыт өткөн сайын имараттар тамдары тешилип, фундаменти чөгүп жараксыз абалга келген. Ооруканалардын иштөө жана пациенттерди кабыл алуу шарттары заманбап талаптарга жооп бербей калган. Бишкек мэриясынын чечими менен “Чоң-Арык” конушунда 2,3 гектар аянтка жаңы медициналык мекеме куруу үчүн жер бөлүнгөн. 2024-жылы курулуш башталган», — деп жазылмат маалыматта.