Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы тротуарлардын курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Текшерүү учурунда мэр подрядчыларды көчөлөрдө башталган оңдоо иштерин тездетүүгө чакырды. Айбек Жунушалиев тротуарлардагы учурда жасалып жаткан иштер аяктаганга чейин башка көчөлөрдү казуу иштерин жүргүзбөөнү да тапшырды. Борбор калаанын мэри тиешелүү кызматтардын жетекчилерине, акимдерге жана «Бишкек асфальт сервис» ишкананын жетекчилигине курулуш мөөнөтүнүн сакталышын көзөмөлгө алуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле эле ар бир көчөдө аткаралып жаткан иштердин сапаты үчүн ар бир жетекчинин жоопкерчилигин эскертти. Берилген тапшырмалардын арасында подрядчылар жумуш жүрүп жаткан көчөлөргө атайын белгилерди орнотуу, тиешелүү муниципалдык кызматтар кызыл сызыктан өтүп кеткен чарбалык субъекттердин укук белгилөөчү документтерин текшериши керектиги айтылган. Мындан тышкары муниципалдык инспекция тарабынан чарба субъекттердин жанаша жайгашкан аймагынын көрктөндүрүлүшү текшерилип, талаптарга жооп бербеген субъектилерге карата тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында калаа башчысы кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүп, анын ишинин жыйынтыгы боюнча мэрдин орун басары, «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишкананын директору, «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын башкы инженерине карата тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды. Аны менен катар, эгерде оңдоо иштери өз убагында бүткөрүлбөсө, ошондой эле тротуарларды курууда сапатсыз иштер аткарылса, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына карата ээлеген кызматынан бошотууга чейин чаралар көрүлүп, подряддык уюмдарга айып салынаары белиленди.
Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкуу жараткан маселелерге комментарий берди. — Мыйзамсыз вебкам студияларды иштеткени үчүн соттолгон Даниэл Ажиевдин айланасында чоң...
Депутат Дастан Бекешев Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) байланыштуу маселе көтөрдү. Ал жыйынтыктар мүмкүн болушунча ачык-айкын болуп, катышуучуларга өз убагында жеткирилиши...
Соцтармактарда депутат Эрулан Көкүлов менен Кайгуул милициянын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Надырбек Жусуповдун диалогу делген аудио сүйлөшүү тарады. Бул тууралуу Спутник...
"Жогорку Кеңештин депутаты жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде жоопкерчиликке тартылат. Депутаттык кол тийбестик негизинен кылмыш...
Кечээ, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө суроо берди. Бул суроолор айдоочулар айрым жол эрежелерин...