Бишкек шаарында «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жол кемчиликтерин жоюу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Чуңкурларды оңдоо иштери Васильевский тракт көчөсү Аска-Таш комплексинен Манас аэропортуна чейин түштүк тарабынан жүргүзүлгөн. Бүгүн, 10-мартка карата адистер жолдун түндүк тарабындагы кемчиликтерди жаап жатышат.
Буга чейинки иштер Жибек-Жолу проспектиси боюнча Манас проспектисинен Фучик көчөсүнө чейин, Фучик көчөсүнүн Аска-Таш комплексинен Чүй проспектисине чейин, Манас проспектисинин мамлекеттик резиденциядан Жибек-Жолу проспектисине чейин жүргүзүлгөн.