Кечээ, 11-сентябрда өткөн парламент жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эмил Жакыпов Бишкек шаарында акыркы убакытта жол тыгыны кескин азайганын билдирди.
Ал мындай маалыматты депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Өз кезегинде эл өкүлү борбор калаада тескерисинче, тыгын көбөйгөнүн билдирип калп айтпоого чакырган.
Милициянын жол кайгуул кызматы «Бишкектин жолдорунда тыгын азайды» дегенге түшүндүрмө берди. Начальниктин орун басары машинаны ой келди токтотуп койгон «Аламүдүн», «Ош» базарларынын тушун, соода түйүндөрдүн алдындагы жерлерди айткан.
Кайгуул кызматы жолдор жасалып жаткандыктан шаарда чынында эле айдоочулар үчүн ыңгайсыздык жаралганын айтып, оңдоо иштери бүткөн соң тыгын азайып, шарт жакшырып каларын убадалаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram










