Бишкектин конуштарында мобилдик клиникалар элди эмдеп башташты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясына байланыштуу буга чейин иммундук профилактикалык эмдөө жүргүзүү иш-чаралары токтоп калгандыктан мэрия шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы менен жети конушка мобилдик бригадаларды уюштурду. Алар бүгүнкү күндөн тартып, 27-февралга чейин иштейт.
Конуштардын эмдөө боюнча графиги:
Көлмө конушу, Максат көчөсү, 40а — 16-февраль;
Ала-Тоо конушу, Көк-Кыял көчөсү, 42 — 17-18-февраль;
Касым конушу, Кайназарова көчөсү, 102 — 19-февралдан 20-февралга чейин;
Ак-Ордо конушу, Тунук көчөсү, 10а — 22-февраль;
Калыс-Ордо конушу, 109-Калыс-Ордо ½ көчөсү — 24-февраль;
Көк-Жар конушу, Көк-Жар көчөсү, 3-үй, жертөлө кабаты — 25-февраль;
Ак-Жар конушу, сегизинчи Ак-Бата көчөсүндөгү 52-үй — 26-27-февраль.