Бишкектин мэри автобустун айдоочусу катышкан жолдогу чырга аралашкан видео тарады.
Анда автобустун айдоочусу менен артында турган унаанын ээси уруша кеткен. Экинчи киши автобуска кирип келип айдоочуну уруп жибергенге да үлгүргөн.
Окуяны шаар башчысы Айбек Жунушалиев көрүп калып, жеңил унаанын айдоочусуна аялдаманын жанына машина койгонго болбойт деген белгини өзү барып көрсөткөн. Эркек кишиге эреже бузганы үчүн катуу эскертүү берилген.