Бишкектин Октябрь районунун тургундары таштандынын акчасын «Комтранскомго» төлөшү керек

Октябрь районунун тургундары катуу тиричилик таштандыларын «Комтранском» компаниясы чыгаргандыгы үчүн акча төлөшөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, муниципалитет Октябрь районундагы таштандыларды чогултуу жана чыгаруу боюнча жагдайды жөнгө салды. «Тазалык» ишканасы жана «Комтранском» ЖЧКсы менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, тараптар дооматтарды кайтарып алуу, ошондой эле компаниянын ишин аймакта улантуу боюнча макулдашууга келишти», — дешти мэриядан.

Буга чейин маалымдалгандай, Октябрь районунун тургундары таштанды чыгаруу кызматы үчүн эки дүмүрчөктү ала башташкан. «Тазалык» мэриянын буйругуна ылайык, Октябрь району 1-августтан тартып муниципалдык ишкананын кызматына өткөрүлгөн. Бирок «Комтранском» ЖЧКсы таштанды чогултуу кызматтары үчүн төлөмдү кабыл алууга гана укуктуу деп ишендирет. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев таштанды чыгаруу маселесин чечүүнү жеке көзөмөлүнө алган. Ал эки дүмүрчөк алган Бишкек шаарынын тургундарынан азырынча алардын бирөөсүнө дагы акча бербөөнү суранган эле.