Шейшемби, 31.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Бишкектин так ортосунда жер астындагы өтмөк курулат

16:56 15.01.2025
0
Бишкектин так ортосунда жер астындагы өтмөк курулат

Бишкектеги Чүй проспектиси менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде март айында жер астындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жай курула баштайт.

Долбоор «Ташболот Холдинг» компаниясы жана «Олд Бишкек» ЖЧКсы тарабынан каржыланат. Алар кредиттик ресурстарды жана инвесторлордун кошумча каражаттарын тартууда. Курулуштун жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөт. Борбор калаанын мэриясы долбоордун инвестициясынын кайтарымын камсыздоо үчүн объектти 49 жылдык мөөнөткө ижарага башкарууга өткөрүп берген. Инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу транспорттук абалды гана жакшыртпастан, шаардык чөйрөнү модернизациялоодо маанилүү кадам болуп калат.

Акыркы 30 жыл ичинде Бишкекте бир дагы жаңы жер астындагы өтмөк курулган эмес, ошондуктан бул долбоор шаар үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Шаардын бул бөлүгүндөгү транспорттук абал, тыгындар жана унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги көптөн бери бир чечимди талап кылып келген. Жаңы объект жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылат.

Долбоордун концепциясы жана максаты:

Долбоордун негизги максаты – шаардагылар үчүн коопсуздукту, жеткиликтүүлүктү жана ыңгайлуулукту жогорулатуу, ошондой эле убакытты үнөмдөө. Унаа токтотуучу жай жана жер астындагы өтмөк салуу борбордук көчөлөрдөгү тыгындарды азайтууга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу жолду камсыз кылууга жардам берет.

Ушундай эле долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылышынын мисалы катары Ташболот Холдингдин жетекчиси Назгүл Түлеева Еревандагы жер астындагы өтмөктү мисал кылды.

Долбоорлоо жана куруу:

Долбоорду иштеп чыгуу «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жүргүзүлдү жана бул бардык коопсуздук талаптарын сактоого кепилдик берет. Курулуш ишке берилген күндөн тартып 1,5 жылдан 2 жылга чейин созулат. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө курулуш жүрүп жатканда да, объектти эксплуатациялоодо да кошумча жумушчу орундары түзүлөт.

Эмне өзгөрөт?

Долбоорго ылайык, жер астындагы өтмөк эскалаторлор, заманбап лифттер, социалдык жана тейлөө объектилери менен жабдылат. 220дан ашык унаага эсептелген жер астындагы унаа токтотуучу жай шаардын борбордук көчөлөрүндөгү жүктөмдү бир топ азайтып, унаа токтотуучу жерди бат табууга шарт түзөт. Долбоордо коопсуздуктун, энергияны үнөмдөөнүн заманбап стандарттарын сактоого өзгөчө көңүл бурулат.

Долбоор эмне берет?

Шаар бийлиги жаңы жер астындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жай шаардын транспорттук жана социалдык инфраструктурасынын негизги элементтери болуп калат деп ишенет. Бул жол тыгынын жеңилдетип гана тим болбостон, жарандардын күнүмдүк жашоосун жакшыртып, ыңгайлуу жана эстетикалык жагымдуу чөйрөнү түзөт.

Мындай масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу шаарды өнүктүрүүдөгү алдыга кадам гана эмес, ошондой эле мамлекеттик жана жеке секторлордун эл үчүн эффективдүү өз ара аракеттенүүсүнүн үлгүсү боло алат.

Бишкек шаарынын мэри белгилегендей, жер астындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жайлардын долбоору шаардын инфраструктурасын модернизациялоодогу маанилүү кадам болуп саналат: «Бүгүнкү күндө биз шаардын инфраструктурасын калыптандыруу жана жаңылоо боюнча олуттуу аракеттерди көрүп, тышкы инвестицияларга гана эмес, ички инвестициялар менен да активдүү иш алып баруудабыз. Бул борбор калаанын туруктуу өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү. Жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү бардык маселелерди чечүүгө мүмкүндүк бербейт, бирок тышкы жана ички ресурстарды тартуу жаңы горизонтторду ачат.

Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги жер астындагы өтмөк жөн гана инфраструктуралык долбоор эмес, шаарды өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле жасоонун үлгүсү. Акыркы 30 жылда биз мындай масштабдагы долбоорду биринчи жолу ишке ашырып жатабыз жана бул шаардын башка аймактары да өнүгө турган прецедент болуп калат. Жер тилкеси аукционго коюлуп, жеке инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алгачкы ижара акысы 2 миллион сом болсо, аукциондун жүрүшүндө 7 миллион сомдон ашыкка кымбаттады. Жер инвесторго 49 жылга берилип, долбоордун жалпы бюджети 2 миллиард сомго жакын болот.

Комплекс эки соода борборун бириктирип, Байтик Баатыр көчөсүнө чейин созулуп, борбор калаанын жарандары жана коноктору үчүн ыңгайлуу жана коопсуз аймакты түзөт. Маанилүүсү долбоор курулуш жана эксплуатация фазаларында жаңы жумуш орундарын түзүүгө салым кошот. Мындан тышкары, мамлекеттик жана жеке сектордун өз ара аракеттенүүсүн чагылдырат. Бул Бишкектин мындан аркы өнүгүүсүнө, инфраструктурасын жаңыртуудагы биринчи кадам. Мындай долбоорлор борбордун көрүнүшүн өзгөртүп, ыңгайлуу жашоого шарт түзөт деп ишенебиз».

Кызматташуу алкагындагы бардык суроолор боюнча: +996702007700
Instagram : oldbishkek.kg

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

«Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти». «Кызмат» мекемесинин түшүндүрмөсү

«Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти». «Кызмат» мекемесинин түшүндүрмөсү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:57 31.03.2026
0

Соцтармак колдонуучусу Амантур Абдыкалыков Кыргыз Республикасынын жаңы жарандык паспортуна байланыштуу айрым чет өлкөлөрдө көйгөй жаралып жатканын айтып чыккан. "Жаңы паспорттун...

Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:54 31.03.2026
0

Бишкек шаарынын мэриясы «Urban Hub Bishkek» тарабынан берилген 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалымат чындыкка дал келбестигин белгилейт. «Бишкек...

Бишкектин мэри: «Сүрөтчүлөр үйү» мыйзамга ылайык каралганга чейин кадимки режимде иштей берет»

Бишкектин мэри: «Сүрөтчүлөр үйү» мыйзамга ылайык каралганга чейин кадимки режимде иштей берет»

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:28 31.03.2026
0

Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 13-сессиясында мэр Айбек Жунушалиев коомчулуктун жана депутаттардын көптөгөн пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен "Сүрөтчүлөр үйү"...

Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотот

Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотот

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:02 31.03.2026
0

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотконун маалымдайт. Иран аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынан жогорку...

Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жыл оңдолот

Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жыл оңдолот

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:58 31.03.2026
0

2026-жылдын курулуш мезгилинде Бишкек-Ош автожолунун Тɵɵ-Ашуу ашуусунда орто оңдоо иштери жүргүзүлөт. Тактап айтканда, «Капиталдык салымдар» беренесинин алкагында 130-146-чакырымдар (10 км)...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бишкек мэриясы баланы белгилүү бир мектепке кабыл алуу максатында жасалма каттоого турууда жоопкерчилик бар экенин эскертет

Бишкек мэриясы баланы белгилүү бир мектепке кабыл алуу максатында жасалма каттоого турууда жоопкерчилик бар экенин эскертет

08:54 31.03.2026
«Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти». «Кызмат» мекемесинин түшүндүрмөсү

"Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти". "Кызмат" мекемесинин түшүндүрмөсү

15:57 31.03.2026
Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жыл оңдолот

Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жыл оңдолот

10:58 31.03.2026
«Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти». «Кызмат» мекемесинин түшүндүрмөсү

"Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти". "Кызмат" мекемесинин түшүндүрмөсү

15:57 31.03.2026
Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

13:54 31.03.2026
Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

13:39 31.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү