Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева «борбор калаанын мектептериндеги мугалимдер жапырт иштен алынды» деген маалымат боюнча комментарий берди.
«Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Ар бир мугалим, ар бир кызматкер сыяктуу эле, жумуш ордун тандоого укуктуу жана жумуштан кетүү боюнча арыз берүүгө укугу бар. Мындай кадрдык өзгөрүүлөр көп учурда жай айларында орун алат, бирок окуу жылынын ичинде да болушу ыктымал. Бул каалаган тармакта кездешкен кадимки көрүнүш. Белгилей кетчү нерсе, иштен кеткендер менен катар мектептерге жаңы кадрлар, анын ичинде жаш адистер да келип жатышат»,- деди ал.
Вице-мэр билдиргендей, бүгүнкү күндө шаардагы билим берүү мекемелеринде жалпы 10 317 мугалим иштейт. Ал эми бош орундардын саны 120 мектеп боюнча 573 штаттык бирдикти түзөт.











