Бишкек шаарында үч эм төрөлдү
Бишкек шаарындагы №2 клиникалык төрөт үйүндө операция жолу менен үч эм төрөлдү. Борбор калаанын 36 жаштагы тургуну 22-апрелде кош бойлуулуктун 31 жума 6 күндүк мөөнөтүндө, оор даражадагы преэклампсия жана нормалдуу жайгашкан плацентанын мөөнөтүнөн мурда өрчүбөгөн ажырашынын фонунда эрте төрөт коркунучу менен ооруканага түшкөн. Бейтапка бөлүмдө дем алуунун бузулуу синдромунун алдын алуу чаралары көрүлүп, веноздук тромбоэмболиялык татаалдашуулардын жогорку коркунучун эсепке алуу менен антикоагулянттык терапия жүргүзүлгөн. 30-апрелде кош бойлуулуктун 32 жумалыгында үч эм дүйнөгө келген: салмагы 1730 грамм эркек бала, салмагы 1590 грамм кыз жана салмагы 1460 грамм кыз.
Ымыркайлар жетилбегендигине байланыштуу жаңы төрөлгөн балдардын реанимация бөлүмүнө которулуп, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатышат. Азыркы учурда эне жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы туруктуу.