Abank july
SerepTV Logo

Бишкекте 680 сомдон сатылган эт дүкөндөрүнүн дареги. Тизме

Бишкекте 680 сомдон сатылган эт дүкөндөрүнүн дареги. Тизме
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы “Кыргыз Агрохолдинг” ААКы тарабынан уюштурулган 680 сомдон эт саткан фудтрактар төмөнкү даректерде ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

🔹Бишкек шаары, Аламүдүн-1 конушу, Сагынбай Манасчы көчөсү, 7/1 (чыгыш тарабындагы унаа токтотуучу жай);
🔹Бишкек шаары, Көк-Жар кичи району, 3/1 (жанындагы унаа токтотуучу жай);
🔹Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилиши («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
🔹 Бишкек шаары, Киев көчөсү менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши («Берекет Универсал» базарынын батыш тарабындагы унаа токтотуучу жай);
🔹Бишкек шаары, Тунгуч кичи району («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
🔹Бишкек шаары, Ортосай базары («Оберон» унаа токтотуучу жайы);
🔹Бишкек шаары, Гагарин көчөсү менен Космостук көчөсүнүн кесилиши («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
🔹Бишкек шаары, Ленин көчөсү, 135;
🔹Бишкек шаары, Төмөнкү Жал кичи району, Тыналиев көчөсү («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
🔹Бишкек шаары, Москва көчөсү менен Шопоков көчөсүнүн кесилиши.