Бишкекте жол кыймылына чектөө киргизилет
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүү жана аларды өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында, Бишкек шаарындагы айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Тактап айтканда, 27-августта саат 20:00дөн 29-августта саат 12:00гө чейин Чүй проспектиси Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа каражаттарынын кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Айдоочулардан аталган убакыт аралыгында көрсөтүлгөн жол тилкесинде кыймыл чектелерин эске алып, алдын ала альтернативдүү каттамдарды пландап алууну суранабыз.