SerepTV Logo

Бишкектеги жаңы заманбап автобекет ушул айда пайдаланууга берилет

Бишкектеги жаңы заманбап автобекет ушул айда пайдаланууга берилет
 
Бүгүн, 3-сентябрда президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы заманбап автобекеттин курулуш иштеринин жүрүшү жана объекттин даярдыгы менен таанышты.
 
Учурда объекттеги курулуш иштеринин 95 пайызы аткарылды. Ички жасалгалоо иштери толук көлөмдө аяктады. Асфальт төшөө жана инфраструктураны көрктөндүрүү иштери гана калды. Жаңы автобекетте жарандар үчүн бардык зарыл болгон ыңгайлуу шарттар каралган. Анын аймагында соода түйүндөрү, аялдамалар, унаа токтотуучу жайлар уюштурулат.

Объекттин жалпы аянты 30 000 чарчы метр болсо, ал эми автобекет салынган жер тилкесинин жалпы аянты 16га. Жаңы заманбап автобекет Кыргызстандын жарандарына, ошондой эле өлкөдөн келген конокторго кызмат көрсөтүп, алар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат. Объект менен таанышуу учурунда Каныбек Туманбаев подряддык компанияга алдыда боло турган расмий ачылышка даярдык көрүп, калган бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүп, алардын сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу керектигин белгиледи. Президенттин Иш башкаручусуу жарандар жана өлкө коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

“Объектти өз убагында бүткөрүү менен гана чектелбестен, бул жерде жарандар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү. Адамдар автобекетте болгон учурда эч кандай ыңгайсыздык жаралбашы керек. Бул жерде алардын ыңгайлуулугу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүгө тийиш”, — деди Каныбек Туманбаев.
 
Подряддык компанияга калган курулуш жана көрктөндүрүү иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүп, объектти расмий ачылышка толук даярдоо тапшырылды. Жаңы автобекетти ушул айда пайдаланууга берүү жана расмий ачылышын өткөрүү пландалууда.
SEREP MEDIA