Abank_june
SerepTV Logo

Бишкектин Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши жабылат

Бишкектин Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши жабылат
 
20-июлдан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде жаңы транспорттук түйүн жана көпүрөнү куруунун экинчи этабынын алкагында, аталган кесилиш бардык транспорт түрлөрү үчүн убактылуу толугу менен жабылат.

Долбоордун биринчи этабынын алкагында Бакаев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки тилкеси ачылган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти жүрүү багыттарды алдын ала пландаштырууну жана мүмкүн болушунча айланма жолдорду пайдаланууга чакырат.