Abank
SerepTV Logo

"Бөбөктө эмне күнөө?". Депутат Чүйдөгү 2 жаштагы наристенин көз жумганы боюнча маселе көтөрдү

"Бөбөктө эмне күнөө?". Депутат Чүйдөгү 2 жаштагы наристенин көз жумганы боюнча маселе көтөрдү
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев Чүйдө апасы менен анын жарандык жолдошу айыпталып жаткан 2 жашар баланын өлүмү боюнча үн катты. "Бул бөбөктө эмне күнөө эле? Адеп-ахлактын, тарбиянын жоктугунан десек болот. Бул боюнча Эдил Байсалов өзү жооп бериши керек. Ушул кишинин абийиринде. Биздин сөздү жеткирип, мындай кайталанбашы керек", - деди ал. Аламүдүн районунда 2 жаштагы баланын өмүрүн кыюуга шектелип энеси жана анын жарандык жолдошу кармалган. Милиция 2021-жылдын 12-августунда туулган баланын жансыз денеси ар кандай ур-соккудан пайда болгон көгалалары менен табылганын билдирген. Наристенин боору жарылып кеткени аныкталып, денесинде күйүктөр аныкталган." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/booru-jarylyp-ketken-chyido-2-jashtagy-balanyn-olymyno-apasy-menen-joldoshu-shektelip-jatat/">аныкталган.