Кыргызстанда айдоочулукка талапкерлер 083/у медициналык маалымкатты онлайн алса болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
«Эми Кыргыз Республикасынын жарандары транспорт каражатын башкарууга жарамдуулугу боюнча милдеттүү медициналык комиссиядан санарип форматта өтүп, маалымкатты электрондук түрдө ала алышат, аны менен кагаз маалымкаттарды айдоочуларды каттоо органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Комиссиядан өтүү жыйынтыктары автоматтык түрдө тиешелүү маалыматтык системаларга жөнөтүлүп, бул ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту камсыз кылат жана жасалмалуулуктан коргойт»,- деп айтылат маалыматта.
Онлайн кызмат «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызматтар порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү.








