Болот Темиров: «Болот Назаровдун бөгөт чарасы бүгүн каралат»

Жактоочу Бакытбек Автандил төкмө акын Болот Назаров менен жолугуп, сүйлөштү. Бул тууралуу журналист Болот Темиров жазды.

«Болот Назаровду чын эле атка мингизишиптир. Ал чындап эле атты белекке берген деп ойлоп калыптыр. Ал атты өзү кайтарып бериптир. Арыз ээси тосмо арыз жазам десе, тергөөчү жаздырбай жатыптыр. Саат 18:00дө бөгөт чарасы каралат, аны 2 айга камакка алганы жатышат окшойт», — деп жазды ал.

Буга чейин милициядан төкмө акындын ат уурдоого шектелип кармалганын маалымдашканБолот Назаровдун эжеси да инисинин иш-чарага чакырылганын билдирди.