Эртең, 28-декабрда Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардын абалын көрүүгө Актауга ӨКМдин аскер дарыгери жана Эмгек министрлигинин кызматкери барат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев «Акипресс» агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында кырсыктан жабыркаган жарандарыбызды алып келүү азыр опурталдуу.
«Анткени реанимациядагы жараныбыздын омурткасы оор жарат алган. Бүгүн дарыгерлер консилиум өткөрүштү, анда оорулууну алып кетүү ден соолугуна зыян деген бүтүмгө келишти. Эртең биздин дарыгер, жабыр тарткандардын жакындары Актауга барышат», — деди министр.
Мындан сырткары Бообек Ажикеев президент Садыр Жапаров жарандарыбызды алып келүүнү ӨКМ уюштурсун деген түз тапшырма бергенин кошумчалаган.
«Бул ишти биз Эмгек министрлиги жана казакстандагы кыргызстандын элчилиги менен биргеликте аткарабыз», — дейт ӨКМ министри.