Abank_june
SerepTV Logo

Боом капчыгайында таштар кулап, жол бир тараптуу ачылды

Боом капчыгайында таштар кулап, жол бир тараптуу ачылды
Бүгүн, 1-август күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 139-чакырымында (Боом капчыгайы, кызыл көпүрөдөн өткөндөн кийин) таштар кулаган (көлөмү такталууда). Жерине Балыкчы шаардык ӨКБдан 1 ыкчам топ, №10 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 4 Хово, 15 кызматкер жана №32 ЖТИден 1 грейдер тартылган.

Учурда жол бир тараптуу ачык. Жеринде жолду тазалоо иши жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.