Кечээ, 15-мартта Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды. Транспорт кыймылы түндүк тарабында уюштурулат. Бүгүнкү күндө аталган көпүрөнүн түштүк тарабында иштер жүрүүдө.
Бишкек шаарынын милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы тараткан маалыматка ылайык, Жибек Жолу көчөсүндө Осмонкулов жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинин ортосунда жайгашкан көпүрө реконструкция иштеринен кийин унаалар үчүн жарым-жартылай ачылды. Учурда аталган тилкеде көпүрөнүн бир тарабы аркылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулган.









