Ысык-Көлдүн Бостери айылында өрттөн эки баланы куткарган милициянын майору Бакытбек Максутов “Каармандык” медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Мурат Боронов Ысык-Көл РИИБге караштуу Бостери айылынын айылдык милиция бөлүмчөсүнүн нөөмөтчүсү, милициянын майору Бакытбек Максутовду ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан “Каармандык” ведомстволук медалы менен сыйлады. Бул сыйлык милициянын майоруна эки жашы жете элек баланы өрттөн куткарып, эрдик жана ыкчамдык көрсөткөндүгү үчүн ыйгарылды.
Окуя 17-ноябрь күнү саат 11:30 чамасында Бостери айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Батирден чыккан өрт жалынга айланып, коңшу жашоочуларды дүрбөлөңгө салган. Милициянын майору Бакытбек Максутов тажрыйбалуу офицер катары кырдаалды тез баалап, эч ойлонбостон жардам сураган балдардын үнүнө карай чуркаган. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен ал кара түтүн жана жалын каптаган батирден төрт жана тогуз жаштагы эки баланы чыгарып, аларды коопсуз жайга алып чыккан. Тез арада өрт өчүрүү кызматын чакырып, кырсыктын мындан ары жайылышына бөгөт коюлган. Куткарылган балдардын ата-энелери милициянын майорунун бул аракетине ыраазычылыгын билдирип, анын баатырдык жана жан аябастык сапаттарын баса белгилешкен.
Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...
Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк...
Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу...
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...