Жекшемби, 29.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Бостериден Кара-Ойго чейин жаңы канализация курулганы жатат

19:44 06.08.2025
0
Бостериден Кара-Ойго чейин жаңы канализация курулганы жатат
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта Чолпон-Ата шаарында «Ысык-Көл көлүн экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев мамлекет башчысына долбоордун алкагында Бостери, Бактуу-Долоноту, Чолпон-Ата жана Кара-Ой калктуу конуштарын бириктирген жаңы канализациялык тармактарды куруу пландаштырылып жатканын маалымдады.

Мындан тышкары, долбоордо суткасына 14,2 миң куб метр кубаттуулуктагы жаңы канализациялык тазалоочу станцияны куруу каралган. Ошондой эле объектти натыйжалуу пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча чаралар, 12 насостук станцияны куруу мерчемделген. Эки ири насостук станциянын курулушу башталды. Туристтик инфраструктураны жакшыртуунун алкагында долбоорго А.Осмонов атындагы паркты көрктөндүрүү, «Саймалуу Таш» музей комплексин реконструкциялоо, Чолпон-Ата шаардык музейин реконструкциялоо жана жээк бойлой велосипед жана чуркоочу жолдорун камтыган эки промендад куруу кирет.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун жалпы наркы 64,9 миллион АКШ долларын түзөт, анын ичинен 31 миллион доллары – гранттык каражат, 25 миллион доллары – кредиттик каражат жана 8,9 миллион доллары – Кыргыз Республикасынын тең каржылоосу. Июнь айында China Road компаниясы менен саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу, ошондой эле Алкаташ компаниясы менен башкы жана ортоңку канализациялык насостук станцияларды куруу жана 5,9 чакырым канализациялык коллекторлорду төшөө боюнча келишимге кол коюлду. Долбоор 2027-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт деп күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров бул долбоорду ишке ашыруу Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын коргоо, жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана туруктуу туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүнө катуу көзөмөл жүргүзүүнү, ошондой эле долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык тараптардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууну тапшырды.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Ташиевдин уулу ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун айтып чыккан сөзүн калп деди

Ташиевдин уулу ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун айтып чыккан сөзүн калп деди

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:55 29.03.2026
0

"Биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттери улантылып жаткандыгына байланыштуу кайрадан түшүндүрмө берүүгө туура келип турат". Мындай билдирүүнү УКМКнын...

Министр: «Арашан багытындагы иштер аркылуу кой генофондун жакшыртуу — чоң жетишкендик болот»

Министр: «Арашан багытындагы иштер аркылуу кой генофондун жакшыртуу — чоң жетишкендик болот»

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:14 29.03.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун...

Бишкекте 93 миңден ашык көчөт отургузулат

Бишкекте 93 миңден ашык көчөт отургузулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:02 29.03.2026
0

Бишкек шаарындагы Ауэзов көчөсүндө шаар мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда жашыл көчөттөрдү отургузуу иш-чарасы өттү. Мэр чынар дарагынын көчөттөрүн отургузуп, жаш...

Садыр Жапаров сом Кыргызстанда басылып чыга баштаганын билдирди

Садыр Жапаров сом Кыргызстанда басылып чыга баштаганын билдирди

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:59 28.03.2026
0

"Бүгүн - Кыргызстан үчүн тарыхый күн! Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык", - деп...

Дене тарбия жана спорт агенттигиндеги аудит: Финансылык тартипти камсыз кылуу боюнча көзөмөл жетишсиз деңгээлде болгон

Дене тарбия жана спорт агенттигиндеги аудит: Финансылык тартипти камсыз кылуу боюнча көзөмөл жетишсиз деңгээлде болгон

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:53 27.03.2026
0

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде жана анын түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүндө 2024-жылга бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгында финансылык тартипти...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Министр: «Арашан багытындагы иштер аркылуу кой генофондун жакшыртуу — чоң жетишкендик болот»

Министр: "Арашан багытындагы иштер аркылуу кой генофондун жакшыртуу — чоң жетишкендик болот"

13:14 29.03.2026
Бишкекте 93 миңден ашык көчөт отургузулат

Бишкекте 93 миңден ашык көчөт отургузулат

13:02 29.03.2026
Кеминде баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Кеминде баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

13:06 29.03.2026
Ташиевдин уулу ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун айтып чыккан сөзүн калп деди

Ташиевдин уулу ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун айтып чыккан сөзүн калп деди

14:55 29.03.2026
Министр: «Арашан багытындагы иштер аркылуу кой генофондун жакшыртуу — чоң жетишкендик болот»

Министр: "Арашан багытындагы иштер аркылуу кой генофондун жакшыртуу — чоң жетишкендик болот"

13:14 29.03.2026
Кеминде баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Кеминде баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

13:06 29.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү