Бостеридеги “Борбордук” жээгине жакын жайгашкан эс алуу жайларындагы мыйзамсыз курулуштар бузулуп, сүрүлүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 27-февралда Чолпон-Ата шаардык мэриясы, Ысык-Көл райондук регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти менен биргеликте бардык мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлдү.
«Аталган жайдагы айрым курулуштар көл жээгине жакын орун алып, 100 метр аралык сакталган эмес. Бул жумуштар “Борбор” пляжын реконструкциялоо долбоорунун алкагында ишке ашууда. Буга чейин курулуш ээлерине бир канча ирет эскертүү берилген, бирок натыйжа болгон эмес», — деп жазылат маалыматта.