Свердлов районундагы шайлоо участкаларынын биринде имараттан тышкары жерде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылат. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, талапкер Аида Салянова арыз менен кайрылган. Ал белгилегендей, 26-февралда имараттан тышкары добуш берүү учурунда анын байкоочусу үй башчысы Асия Касымова шайлоочуга кимге добуш берерин көрсөткөнүн тартып алган. Мыйзам бузууну УШКнын мүчөлөрү активдештирген.
Свердлов райондук шайлоо комиссиясы №1347 шайлоо участогунда жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу чечимин кабыл алды.