2025-жылдын 1-августуна карата шайлоочулардын саны 4 миллион 247 миңди түзөт. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров «Акипресске» билдирди.
«Эгер Кыргызстанды 30 районго бөлсөк, анда бир район 141 миң 500 шайлоочудан турат. Административдик чек аралар эске алынат, бир административдик бөлүм башка бөлүмдүн үстүнөн секирип, экинчисине биригип кеткен жагдай болбойт. Округ аймактык чек араларды эске алуу менен түзүлөт», — деди ал.
Анын айтымында, президенттин шайлоону дайындоо боюнча жарлыгынан кийин округдар түзүлөт. «Округдарды түзүү Борбордук шайлоо комиссиясынын жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте ыйгарым укуктарына кирет. Округдар даяр эмес болгондуктан, округдардын даяр картасы жок», — деди ал.








