Кийинки президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында болорун Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Тынчтык Шайназаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.
Шайназаров белгилегендей, мыйзам долбоору кезектеги президенттик шайлоонун мөөнөтүн тактоо максатында иштелип чыккан. «Белгилүү болгондой, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөн. Учурдагы мыйзамга ылайык, кийинки президенттик шайлоо анын ыйгарым укуктары аяктаган жылдын октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлүшү керек. Эгерде кийинки президенттик шайлоо мыйзамда белгиленген мөөнөттө дайындалса, бул азыркы президенттин алты жылдык мөөнөтүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн», — деп түшүндүрдү ал.