Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) бүгүнкү, 10-февралдагы жыйынында Тынчтык Шайназаров БШКнын жаңы жетекчиси болуп шайланды.
Шайлдабекова БШКнын мүчөсү катары жаңы жетекчиге талапкер көрсөтүү укугу бар экенин белгилеп, Тынчтык Шайназаровду көрсөттү. Анын талапкерлиги көпчүлүк добуш менен өттү.
Нуржан Шайлдабекова бүгүн өз каалоосу менен кызматтан кеткен.