Abank_june
SerepTV Logo

БШКнын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өтүп, төрага жана анын орун басарлары шайланды

БШКнын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өтүп, төрага жана анын орун басарлары шайланды
Бүгүн, 3-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өттү. Жыйналышты БШКнын жаш курагы боюнча улуу мүчөсү Бөдөш Мамырова ачты.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамы 8 мүчөдөн турат. Ошондой эле аталган конституциялык Мыйзамга ылайык, биринчи жыйналышта төрага жана анын орун басарлары шайлоо тартибинде тандалат.

БШК мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында Тынчтык Шайназаров 8 добуш менен Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы болуп шайланды. Ошондой эле Русланбек Жакышов жана Лейла Лурова бир добуштан Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарлыгына шайланышты.
 
Ага чейин Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына сунушталган талапкерлер каралган. Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпуев өлкө башчысы тарабынан сунушталган Алмаз Айбалаевди, Русланбек Жакышовду, Миргүл Темирбаеваны жана Бөдөш Мамырованы тааныштырды. Ал эми Жогорку Кеңештен «Эл Үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Тынчтык Шайназаровду талапкер катары көрсөтсө, «Ала-Тоо» жана «Ишеним» депутаттык тобу Сүйүнбек Касмамбетовду сунушташты. Ошондой эле «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобу Лейла Лурованы талапкер катары тааныштырса, «Элдик» депутаттык тобу Тимур Оторбаевди көрсөтүшкөн.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөгүнө Алмаз Айбалаев, Русланбек Жакышов, Миргүл Темирбаева, Бөдөш Мамырова, Тынчтык Шайназаров, Сүйүнбек Касмамбетов, Лейла Лурова жана Тимур Оторбаев шайланды.