Жаңы «Ош базары» 3 ай ичинде бүтүп, азыркысы толугу менен көчүрүлөт. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев рейд учурунда билдирди.
Анын айтымында, жаңы базардан тиешелүү документтери барларга гана орун берилет. Ошондуктан мэр документтерди азыртадан иретке келтирүү керектигин билдирди.
«Биз мыйзамдуулукка өткүлө деп жатабыз. Эртең биз базарды көчүргөндө бул жер жабылат. Бул жерде соода кылганга тыюу салынат. 3 айдын ичинде бүтөт деп жатат. Биз да күтүп жатабыз», — деди ал.