БУУнун Башкы Ассамблеясынын тийиштүү резолюциясынын негизинде 23-октябрь – Ак илбирстин эл аралык күнү катары кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
«Муну менен Бириккен улуттар уюму президент Садыр Жапаровдун Ак илбирстин эл аралык күнүн белгилөө демилгесин колдоп берди. Бул тарыхый окуя Кыргызстандын Борбор Азиядагы кайталангыс табиятты сактоо боюнча аракеттеринин глобалдык маанисин ачыктап турат. Мындан ары бийик тоолуу экосистеманын символу болгон ак илбирстин эл аралык күнү катары белгиленет. Ак кар-көк муздуу, асман тиреген тоолорубузду байырлаган ак илбирс баштаган ажайып кооз жаратылышыбыздын баркына жетели, бапестеп сактайлы, урматтуу замандаштар!» — деп жазат Аскат Алагөзов билдирүүсүндө.
Сентябрь айында БУУнун Башкы Ассамблеясында 79-жыйынында өлкө башчы Садыр Жапаров ак илбирс региондун туруктуу өнүгүүсүнүн символуна айланганын айтып, аны сактоо боюнча Кыргызстандын аракеттерин тизмектеген. Ошондой эле өткөн жылы мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.