Жума, 14.11.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

БУУнун башкы катчысы: “Кыргызстан “уйкудагы сулуу” болчу эле, азыр күлүк атка айланыптыр”

14:21 02.07.2024
0
БУУнун башкы катчысы: “Кыргызстан “уйкудагы сулуу” болчу эле, азыр күлүк атка айланыптыр”
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекет башчысы БУУнун Башкы катчысы менен учурашып жатып, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде БУУнун делегациясын тосуп алууга кубанычта экенин белгиледи. Президент БУУнун ишмердүүлүгү планетадагы бардык адамзат үчүн тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоого, глобалдык социалдык-экономикалык жана климаттык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталганын айтып, быйыл сентябрь айында Нью-Йоркто Келечек саммитти өткөрүү боюнча демилгени колдой турганын билдирди.

Садыр Жапаров өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп калган БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын жигердүү ишке ашырып келүүдө жана алар Кыргызстанды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү улуттук стратегиясына киргизилгенин айтып өттү. Алар — 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кызматташуу боюнча БУУнун Алкактык программасы, эки жылдык биргелешкен иш планы. Туруктуу өнүгүү максаттарын каржылоонун комплекстүү улуттук механизмдери кабыл алынган, ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жогорку деңгээлдеги Кеңеш түзүлдү. Кыргыз Республикасы БУУга 166 мүчө мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлеп Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишти. Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киребиз деген амбициялуу максатты койгонуна басым жасады. Мамлекет башчысы Кыргызстан бүгүнкү күндө региондогу гидроэнергетика рыногунда таанылган лидерлердин бири жана энергия өндүрүү боюнча жогорку потенциалга ээ экенин баса белгиледи. Экономикага инвестиция тартылып, ири ишканалар ачылып, энергетика жана транспорт тармагында жаңы аймактык долбоорлордун курулушу башталды.

Садыр Жапаров Борбордук Азиянын энергетикалык системаларын Түштүк Азия менен байланыштырууга багытталган ири СASA-1000 долбоорун жана катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда тезирээк жана натыйжалуу соода жүргүзүүгө, экономикалык өсүштү стимулдаштырууга көмөктөшө турган — Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун ишке ашыруу боюнча жакынкы пландарды айтып өттү. Президент ошондой эле бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара боюнча юридикалык жактан толук чечилген чек ара маселелерине токтолду. Садыр Жапаров Кыргызстандын Тажикстан менен болгон мамлекеттик чек арасындагы маселелерди чечүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатканын айтып, Кыргызстан ар дайым бардык маселелерди тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүүнү жактап келгенин белгиледи.

Тышкы карызды туруктуу өнүктүрүү долбоорлоруна алмаштыруу жөнүндө айтып жатып, Садыр Жапаров карызды «жашыл» долбоорлорго алмаштыруу механизмдерин колдонуу менен өлкөнүн тышкы мамлекеттик карызын реструктуризациялоо маселесинин үстүндө иштөө сунушталып жатканын билдирди. Садыр Жапаров эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, туруктуу өнүгүүнү жана адам укуктарын камсыз кылуу максатында БУУ жана бардык мүчө-мамлекеттер менен тыгыз өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө өлкөнүн умтулуусун ырастады.

Өз кезегинде БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, буга чейин Кыргызстанга болгон бир нече иш сапарларында азыркыдай динамизмди көрбөгөнүн белгиледи. Антониу Гутерриш бардык жаралган маселелер дипломатиялык жол менен чечилип жатканын эске алганда, бүгүнкү күндө Кыргызстан тынчтыктын символу экенин баса белгиледи. БУУнун башкы катчысы Кыргызстан өнүгүүнүн бардык этаптарын ийгиликтүү басып өтүп, ар кандай тоскоолдуктарга карабастан, туура прогрессивдүү жолго түшкөнүн белгиледи. Ошону менен бирге ал Кыргызстандын бардык милдеттенмелерин аткарганы үчүн ыраазычылык билдирди. Антониу Гутерриш Кыргыз Республикасы башка өлкөлөр үчүн үлгү экенин жана БУУ өлкөдө жүргүзүлүп жаткан бардык реформаларга ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Акылбек Кылычев Кыргызстандын Ирандагы элчиси болуп дайындалды

Акылбек Кылычев Кыргызстандын Ирандагы элчиси болуп дайындалды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
10:10 12.11.2025
0

Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кылычев Акылбек Мукаевич Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси...

Сак болуңуз! Сезондук оорулар күчөп жатат.

Сак болуңуз! Сезондук оорулар күчөп жатат.

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
16:53 11.11.2025
0

Сезондук факторлордон улам респиратордук оорулар күчөп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Министрлик жарандарды сасык тумоого каршы эмделүүгө чакырып,...

Садыр Жапаров Бишкектеги 5000 орундуу кичи аренаны ачты

Садыр Жапаров Бишкектеги 5000 орундуу кичи аренаны ачты

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
16:52 10.11.2025
1

Бүгүн, 10-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы 5000 орундуу кичи аренаны ачып, ал жерде өтүп жаткан "Кыялымдагы Кыргызстан" улуттук...

Кудрет Тайчабаров 30-декабрга чейин СИЗО-1ге киргизилди

Кудрет Тайчабаров 30-декабрга чейин СИЗО-1ге киргизилди

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
12:36 10.11.2025
0

Кудрет Тайчабаров 30-декабрга чейин СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Тайчабаров “Уюшкан кылмыштуу топ түзүү жана ага...

Өлкөдө үгүт иштери башталды

Өлкөдө үгүт иштери башталды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
12:34 10.11.2025
0

Бүгүн, 10-ноябрда өлкө боюнча үгүт иштери башталды. Аталган параменттик шайлоо кезексиз болгондуктан, өнөктүк 20 күнгө созулуп, 29-ноябрда саат 8:00дө жыйынтыкталат....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Кыргызстандын олимпиадалык курамасы «Manas cup 2025» турниринде Бахрейнди жеңди

Кыргызстандын олимпиадалык курамасы «Manas cup 2025» турниринде Бахрейнди жеңди

10:00 13.11.2025
Кыргызстандын олимпиадалык курамасы «Manas cup 2025» турниринде Бахрейнди жеңди

Кыргызстандын олимпиадалык курамасы «Manas cup 2025» турниринде Бахрейнди жеңди

10:00 13.11.2025

АРХИВ

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
« Окт    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү