Бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан жаңы турак жай комплексинен 612 үй-бүлө жаңы батирлерине ээ болду. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Бул кубанычтуу күнгө Садыр Жапаров өзү катышып, жарандарга ачкычтары тапшырылды.
«Өлкө башчысынын бекем саясий эрки жана колдоосу менен учурда бүткүл Кыргызстан боюнча 61 миңге жакын ипотекалык батирдин курулушу жүрүп жатат. Бул — мамлекетибиздин социалдык багыттагы саясатынын так далили. Буга чейин да миңдеген үй-бүлөлөргө ачкычтар тапшырылган. Алдыдагы күндөрү Бишкек шаарындагы Маликова көчөсүндөгү жаңы комплекс жана Жалал-Абад шаарындагы эки ири объект дагы өз ээлерин табат.
Бүгүн тапшырылган 612 батир — бул жөн гана үйлөр эмес. Бул — жүздөгөн балдардын күлкүсү, ата-энелердин тынч уйкусу, улуттун бекем пайдубалы. Президент баштаган бул багыттагы иш-аракеттерди биз, мамлекеттик кызматкерлер, татыктуу улантып, эл үчүн кызмат кылууга милдеттүүбүз.
Мамлекет шарт түзсө — эл өз жашоосун курат. Биздин милдет — ошол шарттарды жаратуу. Президент ошол шартты түзүп берди»,- деп жазды ал.