2-мартта айрым конуштардагы турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Өчүрүү району: Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек турак жай конуштары. Ичүүчү суу «Ак-Жар», «Ак-Бата» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.