Flydubai авиакомпаниясынын өкүлдөрүнөн алынган маалыматка ылайык, бүгүн, 4-мартка белгиленген Дубай — Бишкек багыты боюнча (учуу убактысы 22:45) каттам азыркы учурда аткарууга пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу маалымдады.
Авиакомпаниянын билдирүүсүндө айтылгандай, жүргүнчүлөр учууга жакын убакытта кошумча түрдө кабарланат (SMS, электрондук почта, мобилдик тиркеме же каттоо учурунда).
Консулдук Кыргыз жарандарынын тынчтык сактоосун жана дүрбөлөңгө алдырбоосун өтүнөт Каттамдын макамы, каттоодон өтүү жана отургузуу маселелери боюнча түз авиакомпанияга кайрылууну жана ташуучунун расмий билдирүүлөрүнө көз салып турууну сунуштайт.












