Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган үйлөрдү тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.
Мына бүгүн биз турган Кубанычбек Маликов көчөсүндөгү турак жай комплексин экинчи этабы аяктап, 476 батир ээлерине тапшырылганы турат. Өзүңүздөргө маалым, бул ири долбоордун алкагында жалпысынан 5 миңден ашык батир салынып, кезек күткөн жарандарыбыздын колуна өткөрүлүп берилмекчи. Өткөн жылдын аягында аталган комплекстин биринчи этабында биз 510 батирди муктаж болгондорго тапшырган элек.
Бүгүн бул долбоорлордун 2-этабынын ийгиликтүү аякташы “Менин үйүм” программасынын ырааттуу ишке ашып жаткандыгын тастыктап турат. Ал эми бул турак жай комплекси 2026-жылы соңунда толугу менен бүткөрүлүп берилет. Убакыт бир орунда токтоп тура бербеген сыңары, мезгилдин өтүшү менен жер жаңырып, эл өзгөрүп, өркүндөп өсө берет экен.
Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай, бүгүнкү күндө өлкөбүздө турак жай курулуштары жогорку темп менен жүрүп жатат. Бишкек шаарында гана эмес, бардык облустарда, район борборлорунда жана кичи шаарларда да муктаждар үчүн жаңы үйлөр курулууда.
Жакында эле мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан каржыланып курулган Чыңгыз Айтматов көчөсүндө 612 батирлүү заманбап жана ыңгайлуу турак жай комплексин тапшырдык.
Мындан сырткары, жер-жерлерде жаңы турак жай куруу үчүн мезгил кутулары салынды. Азыркы тапта республика боюнча 60 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Кудай буюрса, биз ипотекалык механизмдердин жардамы менен турак жайга муктаж болгон бардык жарандарды үй менен камсыз кылабыз. Курулуштун жогору темпине карабастан, салынып жаткан үйлөрдүн сапатына да жогору талаптар коюлууда.