Бүгүн, 4-январда саат 10:04тө Жалал-Абад облусунун аймагында 3,5 балл жана Чүй облусунун аймагында 3 балл жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Косо-Терек айылында 3,5 баллга, Кызыл-Үңкүр, Жаз-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 3 баллга, Арсланбап айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Ал эми Чүй облусунун аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө Аламүдүн жана Сокулук райондорунда 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.