Бүгүн, 28-январда Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи өтөт. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияга саат 10:45ке белгиленген.
Буга чейин аземге 1 миңден ашуун конок чакырылганы маалым болгон. Алардын бардыгы ПЦР-тест тапшырышканы айтылган.
Уюштуруучулар тарабынан аземге мурунку президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун чакырылганы маалым болгон.
Мындан тышкары, Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында иш-чара шаардын тургундары жана коноктору үчүн түз эфирде көрсөтүлөт.